Ош шаарынын мэри алмашты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Ош шаарынын мэри  АлмазМамбетов ээлеген кызматынан бошотулду. Алмаз Мамбетов Ош шаарына былтыр 26-августта мэр болуп шайланган.  Өлкө башчысы  кол койгон башка жарлыкка ылайык, Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэри болуп дайындалды. Бакытбек Жетигенов мурдаЖогорку Кеңештин  депутаты болгон.